Жарыялар:

САЖУКАДдын окутуучулары түрк тили курсун ийгиликтүү бүтүрүшүп, сертификаттарын алышты.

 

САЖУКАД ЖӨНҮНДӨ

Сапаттуу жумушчу кадрларды даярдоо долбоору (САЖУКАД) Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен КРсынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин ортосундагы кызматташуусу аркылуу ишке ашырылууда. 2012-жылдын февраль айында башталган иш-чаралар ошол эле жылдын 22-март айында эки тарап ортосунда түзүлгөн келишим негизинде расмий статуска ээ болгон. Университетибиздин Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун иш-чараларынын башталышы катары каралган жана үч жылга пландаштырылган САЖУКАДдын максаты – Кыргызстан жарандарынын Кыргызстанда жана Түркияда жумушка орношууларына көмөкчү болуучу атайын курстарды уюштуруу жана ошонун негизинде Кыргызстандагы демографиялык мүмкүнчүлүктү эл аралык күчкө айландыруу.

Devamı

Ким эмне деди?

  • "Жумушчу кадрларды даярдоо үчүн ишке ашырылган бул долбоордун сапаттуу жумушчу күчтөрүн түзө турганына ишенем".

    Гульнара Асымбекова, KРсынын вице-премьер-министри

  • “ Ушул долбоорду Кыргызстандагы жаштардын, эмгекке жарамдуу элдин кесиптик жөндөмдүүлүккө ээ болуусуна шарт түзүү, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, кыргыз жаштарынын өздөрүнө да, коомго да пайдалуу болуулары үчүн аларга заманбап билим берүү жаатында ишке ашырып жатабыз”.

    проф., докт. Себахаттин Балжы, КТМУнун ректору

  • “Ушул долбоор кыргыз-түрк достугу үчүн кыргыз жаштарынын билим алып, келечекте ыймандуу, адеп-ахлактуу жана сапаттуу болуулары үчүн олуттуу кадам болуп саналат”.

    Алиясбек Алымкулов, КРсынын министри

  • “Ушул долбоор, ар бир кыргыз атуулунун тажрыйбалуу жана сапаттуу болуусуна өбөлгө түзөт".

    Кемал Маденоглу, КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы

  • “Ушул долбоор Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан кыргыз эли үчүн жасалган социалдык жоопкерчиликтүү долбоорлордун бири болуп саналат”.

    проф., докт. Асылбек Кулмырзаев,КТМУнун биринчи проректору

Сапаттуу жумушчу кадрларды даярдоо долбоорунун (САЖУКАД) борборунун тейлөө кызматы ачылды.